Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине «С.А.» Улуттук госпиталынын медайымынын денесине залал келтирген «Б.А.»га карата чара көрүү өтүнүчү менен медайымдар ассоциациясынан кайрылуу түшкөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө ушул жылдын 19-февралында медайым оор абалдагы оорулууну таңуу процедурасын жүргүзүү үчүн аялды палатадан чыгып кетүүсүн суранганын, бирок акыркы эскертүүгө карабастан ал терс мамиле жасап, кош бойлуу медайымды себепсиз сабаганы аныкталган.
Натыйжада медайымдын башынын жумшак ткандары көгөрүп, «Боюнан түшүү коркунучу бар» деген диагноз менен ооруканага жаткырылган.
Аталган фактыларды текшерүүнүн жыйынтыгында УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, шектүү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.