7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад ОИИБинин убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кармалды

411

Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча талап кылууга көмөктөшкөн Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери тарабынан акчалай компенсация алуу үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө ыңгайлуу шарттар түзүлүп, алар убактылуу кармоочу жайдын ичинде ээн-эркин жүрүп, камераларга кирип, соттолуучуларды сабап, ири суммадагы акча талап кылгандыгы аныкталды.

Ошол эле учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү камактагылардын туугандарына жана тааныштарына  телефон чалып,«MegaPay», «O!Money» жана «МБанк» электрондук капчыктарынын номерлерине акча которууну  мажбурлашкан. 2023-жылы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жогорудагы схема боюнча убактылуу кармоочу жайлардын туткундарынан 6,5 миллион сом алып, кийин «жалпы фонд» деп аталган каражатка чегерилгени такталган.

2024-жылдын 21-февралында тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад шаардык ОИИБ УКЖнын мурдагы башчысы С.у.Н., Ош шаарынын 25 — сизосунун «положенеци» А.Т.К. жана Жалал-Абад шаарынын ШИИБ УКЖнын “смотрящийи» болуп саналган М.М.А. уюшкан кылмыштуу схеманын уюштуруучулары — уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

 

412