7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми алиментти нотариус аркылуу алса болот

242

Алиментти эми нотариус аркылуу өндүрүп алуу мүмкүн болот. Бул тууралуу Юстиция министрилигинен кабарлашты.

Чечим мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуу программасынын бир бөлүгү экени айтылган.

Ага ылайык, арыз ээси ата-энеликти аныктоо же талашуу зарыл болбогон жана үчүнчү жактардын кийлигишүүсүн талап кылбаган чыр-чатаксыз учурларда нотариуска арыз берүүгө укуктуу.

«Нотариус үч күндүн ичинде нотариалдык буйрук чыгарат. Бул документ алимент төлөөчүгө жиберилет, ага соттук буйрукка каршы пикирин билдирүү үчүн 10 күн берилет. Эгерде каршы пикир түшпөсө, буйрук мыйзамдуу күчкө ээ болуп, ишке ашыруу үчүн сот аткаруучуларга жөнөтүлөт. Алар баланын пайдасына алимент өндүрүүнү чечип беришет», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындай жеңилдиктин аркасы менен доочулар сотко кайрылып, убакыт жана акча короткон түйшүктөн арылары айтылган.

Ошондой эле нотариустар жаңы макамга ээ болуп, алардын чечимдери түз эле аткаруу документтерине айланып, бул институттун орду бекемделери белгиленди.

 

243