Өлкөдө бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырылат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги балдардын тамак-ашына ата-энелер акча төлөй тургандыгы тууралуу маалымат тараган.
Финансы министрлигинен такташкандай, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык – «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат».