Ошто сатылып жаткан көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мэриянын кызматкерлери Мамыров көчөсүндөгү жана Ак-Тилек кичи районундагы көмүр сатылып жаткан жайлардагы кара отундун бааларын текшерип, сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери өткөзүштү.
Натыйжада, Ош шаарында көмүргө болгон баа туруктуу экендиги айтылды.
25-октябрдан тарта атамекендик көмүрдүн бирдиктүү баасы 90 календардык күнгө белгиленген. Ага ылыйык, кара отундун баасы тоннасына 6 500 сомдон, чекене баасы 1 килограммга 7 сомдон ашпоо керек.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда, колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү чаралар көрүлөт.