7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тузду аз колдонуу боюнча маалыматтык жумалык өтүүдө

194

Кыргызстанда “Туз кошуу адатыбыздан кутулабыз” урааны астындагы маалыматтык кампаниясы башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрли билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти менен Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматташуусунда жүрүп жатат.

“Жумалыкта тузду ашыкча колдонуудан арылып, сергек жашоо мүнөзүн колдоого багытталган маалыматтар берилүүдө.

Кыргызстандагы оорулардын жана өлүмдөрдүн 80%дан көбүрөөгү онкология, дем алуу, жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары сыяктуу жугуштуу эмес ооруларга туура келет.

Алардын арасында оорунун 4 түрү бар, биринчи орунда – жүрөк-кан тамыр оорулары, булар артериялык гипертензия (гипертония), инсульт, инфаркт. Дээрлик ар бир экинчи чоң адамдын жогорку артериялык кан басымы бар” – деп айтылат билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

195