7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми чет өлкөлүктөр Ысык-Көлдөн мүлк сатып ала алабы?

474

Президент Садыр Жапаров «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам быйыл 12-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзам менен Ысык-Көлдөгү рекреация объекттерин чет өлкөлүк жарандарга жана компанияларга жеке менчикке сатууга уруксат берүү каралган. Ошол эле учурда рекреация объектинин алдындагы жер аларга сатылбайт, ижарага берилет.

Мыйзамдагы аныктама: Рекреация объекттери — менчигинин формасына жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруунун укуктук формасына карабастан, эс алуу, ден соолукту чыңдоо, туризм үчүн пайдаланылуучу, рекреациялык, мейманканалык кызматтарды, ден соолукту чыңдоо, жашап туруу, эс алуу, туризм боюнча кызматтарды көрсөтүүчү, «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын чегинде жайгашкан пансионаттар, курорттор, эс алуу үйлөрү, коттедждик шаарчалар, конок үйлөр жана башка объекттер.

475