7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди 

510

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин, ошондой эле алардын стандарттарын бекитүүдө административдик тоскоолдуктарды азайтуу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырат, аларга ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин тутумдаштыруу жана түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия институту жокко чыгарылууда жана анын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жүктөлүүдө.

511