7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми каза болгон жубайынын жанынан алдын ала жай брондоого болот

217

Министрлер кабинети көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартибин токтом менен бекитти. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Мындай чечим  көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо эрежелерин, анын ичинде шарттарын, мөөнөттөрүн, наркын жана тариздөө жол-жобосун аныктайт.

Тартиптин максаты – жарандардын сөөгүн жайга кадыр-барктуу коюуга болгон укуктарын камсыз кылуу, санитардык, экологиялык, шаар куруу жана диний-маданий ченемдерди сактоо, көрүстөндөрдү эсепке алууну жана натыйжалуу башкарууну системалаштыруу, кызмат көрсөтүүнүн жана пайдалануунун ачык-айкын механизмин түзүү.

Эми жайды жубайы нике күбөлүктүн негизинде брондой алат. Брондоо баасы эсептик көрсөткүчкө жараша: Бишкекте 1000 сом, облустук маанидеги шаарларда 750 сом, райондордо жана айылдарда 500 сом. Мындан тышкары, кошумча кызматтар үчүн коэффициент кошулат. Арыз «Түндүк» системасы аркылуу берилип, брондоо мөөнөтү узартуу укугу менен 10 жылды түзөт. Бронду сатууга аракет кылгандардын келишими жокко чыгарылат.

Ал эми, токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

218