7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми Кыргыз-Түрк ооруканасы Бишкек мэриясынын балансына өткөрүлдү

833

“Достук” Кыргыз-Түрк ооруканасы борбор калаанын мэриясынын балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин аракети менен Фучик көчөсү №15/2 дарегинде жайгашкан  Түркиянын премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Кызматташуу жана координация боюнча Түрк агенттигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы Долбоордук кызматташуу келишимин ишке ашыруунун алкагында курулган «№1 шаардык клиникалык ооруканасынын аймагындагы оорукананын имараты (эксперименталдык)» муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Имараттын  жалпы аянты 10037,4 м2 түзөт.

«Керектүү жабдуулар менен жабдылган жана 72 керебетке эсептелген, анын ичинен 21 реанимация керебети, ооруканада ангиограф, компьютердик томография,  магниттик-резонанстык томография,  маммография, рентген жабдуулары,  УЗИ,  гастроскоп,  эхокардиограф жана башка көптөгөн диагностикалык аппараттар бар», — деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, оорукана 2017-жылы Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен курулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

834