7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми Ош шаарынын аймагында бир гана жерде коон, дарбыз сатуучу аянтча болот

400

Мындан ары Ош шаарынын аймагында бир гана жерде коон, дарбыз сатуучу аянтча болот. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Ар ким каалаган жолдун жээгине унаасы менен туруп сатууга тыюу салынат. Мындай чечим шаар мэри Жеңишбек Токторбаевдин көчө соодасын иретке келтирүү, унаа кыймылына тоскоолдук жаратпоо жана баш аламандыка жол бербөө максатында коюлган тапшырмасынын негизинде ишке ашууда.

Муну менен катар негизги жана ички унаа жолдоруна коюп кеткен чоң оор жүк ташуучу унаалар, камаз жана HOWOлар да шаардын сыртында болот.

Коон, дарбыз саткан жана оор жүк ташуучу унаалар үчүн жаңы муниципалдык базардын жанынан Шамшат көчөсүндө үч гектар жер ажыратылып даярдалган. Учурда аталган эки жай тең иштеп жатат.

401