7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми салыкка 50 миң сомго чейин карызы барларга өлкөдөн чыгууга чектөө коюлбайт

282

Буга чейин 1000-2000 сомдун тегерегинде салыкка карызы бар жарандардын дарылануу, окуу, иш сапарлары үзгүлтүккө учураган. Жарандар чек арадан өтүү үчүн бюрократиялык жол-жоболордон өтүшү керек болчу. Мунун баары жок дегенде 2-3 күнгө созулчу.

«Чек арадан өтүп жатканда 50 миң сомго чейинки карызды текшербөөнү сунуштап жатабыз. Андан жогору суммаларды сөзсүз текшерүү керек. Ал эми аз карызы барлар өзгөчө шашылыш же маанилүү жагдайлар болгон учурда, жаран тынч учуп барып келиш керек», — деди башкы салыкчы Шыкмаматов.

Жаңы демилге боюнча, эгерде текшерүү учурунда жарандын карызы болсо, ал аны ошол жерден QR-коддун жардамы менен төлөп, сапарын улантат. Аны жакынкы айларда ишке ашыруу мерчемделүүдө.

283