7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Авиатор» турак жай комплексинин курулушу кызуу жүрүүдө

189

Жарандык авиациянын кызматкерлери үчүн курулуп жаткан «Авиатор» турак жай комплексинин курулушу Кара-Жыгач айылында кызуу жүрүүдө.

«Кыргызстан аэропорттору» ААК билдиргендей, долбоор Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу ишке ашырылып жаткан авиация тармагындагы эң ири социалдык долбоорлордун бири.

Долбоордун алкагында 1 035 батирди камтыган 23 тогуз кабаттуу турак жай курулат. Комплексте балдар аянтчалары, эс алуу жайлары, унаа токтотуучу жайлар жана башка социалдык инфраструктура да каралган.

Компаниянын маалыматына ылайык, долбоор жарандык авиация кызматкерлерин турак жай менен камсыздоону жакшыртууга жана тармактагы адистерди колдоого багытталган.

190