7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми соттолбогондук тууралуу справканы калкты тейлөө борбору бере баштайт

1954

26-июлдан тарта Бишкектин Калкты тейлөө борборлору соттолбогондук тууралуу справка алуу үчүн арыздарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирдирди.

Бул кызмат көрсөтүү баш калаанын калкты тейлөө борборлорунда арыз тапшыруунун жана арыз ээсинин убактысын үнөмдөөнүн эң ыңгайлуу жолу катары ишке ашырылууда. Жарандын соттолбогондугу тууралуу кагаз эң зарыл документ болуп саналат.

Толтурулган арыз ИИМге жөнөтүлүп, жети күндөн кийин күбөлүктү министрликтин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын Курманжан датка көчөсү, 115 дарегиндеги Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр борборунан алууга болот.

Эгерде справканы тез арада алуу зарыл болсо, анда аны бир же үч күндөн кийин акы төлөп алуу мүмкүнчүлүгү жаралды.

Бишкектин Калкты тейлөө борборлорунда «өзүн-өзү тейлөө» аймагы бар, анда жарандар ушул справкаларды алуу үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрыла алышат. Башкача айтканда, ИИМдин башкармалыгына барып убаракерчилик тартышпайт. Ар бир адам өзү үчүн ыңгайлуу жагын тандай алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1955