Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Ысык-Көлгө беш жерге туристтик маалымат борборлору курулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акыл Кемелов билдирди.
«Ал жерге туристтер келип маалмат алышат, кофейнялары болот, ажаатканалары болот, улуттук маанидеги буюмдар сатыла турган бутиктер болот. Атайын унаалар токтоочу жайлары болот, туристтерге жакшы шарттар түзүлөт. Ушул проектинин үстүндө иштер жүрүп жатат«-дейт Кемелов.
Андан сырткары Дүйнөлүк банктын өкүлү Навид Хасан Накви менен биргеликте Балыкча — Барскоон авто жолунун абалын жеринен көрүп таанышып, жолду андан ары каржылоо жагын карап көрүүнү сунушташкан.
«Жолдош Навид Хасанды атайын тоолорубузду көрсөтүп туристтик потенциалыбыз менен тааныштырып, Каракол шаарындагы аэропорттун салынышын каржылап берүүнү сурандык«- дейт эл өкүлү.