Кечээ, 24 июлда, Бишкек шаарынын курулуш, архитектура жана жер маселелери боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу кармалды. Бул тууралуу жашыруун өздүк булактар кабарлайт.
Маалыматка ылайык, ал 9 миң доллар пара менен кармалган бухгалтер кыздын көргөзмөсү менен УКМК тарабынан кармалган.
Эске салсак, кечээ 24-июлда Бишкек мэриясына караштуу жер ресурстар башкармалыгынын бухгалтери, 26 жаштагы кыз, Түгөлбай Ата көчөсүндөгү проектини өзгөртүп, соода түйүнүн жеке секторго калтырып берүү үчүн, ишкерден 9 миң доллар пара талап кылып, жарымын берип жаткан кезде кармалган.
Жашыруун булактар, кармалган бухгалтер кыз тергөө менен иштешүү ниетин билдирип, тил каттын негизинде убактылуу кармоочу жайдан бошотулган.
Мэрияда иштеген жаш кыз 9 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды