7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми таксисттер жана курьерлер үчүн салыкты компаниялар төлөйт

196

Мамлекеттик салык кызматы 1-сентябрдан тартып санариптик платформалар (агрегаторлор) алардын маалыматтык системаларын колдонгон жеке жактар үчүн киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөй тургандыгын эскертет.

Көрсөтүлгөн күндөн тартып агрегаторлордун маалыматтык системаларын колдонгон таксомотордук ташуу жана жүк ташуучуларды курьердик жеткирүү жана башка ушул сыяктуу категорияларда иштеген жактар үчүн салык салуунун жаңы тартиби киргизилет.

Бул ченем Яндекс Go, Glovo жана башка жеткирүү жана ташуу платформалары сыяктуу маалыматтык системаларды пайдалануу менен иш жүргүзгөн субъекттерге тиешелүү. Ал таксисттердин, курьерлердин, тамак-аш жеткирүүчүлөрдүн, жүк ташуучулардын жана башка ушул сыяктуу категорияда иштегендерге тиешелүү.

Мындан ары жеке ишкерлерге такси же курьердик кызматтарга патент жана полис сатып алуу, жеке ишкер катары каттоодон өтүү, салыктарды өз алдынча эсептөө жана төлөө, ошондой эле салык отчетун берүү талап кылынбайт. Бардык салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелер салык агенти катары агрегатор тарабынан аткарылат.

Салык автоматтык түрдө жеке жактардын кирешесинин пайызы катары төмөнкү киреше салыгынын ставкалары боюнча эсептелет:

2025-жылдан 2028-жылга чейин – 1% ;
2028-жылдан 2030-жылга чейин – 2% ;
2030-жылдан тартып жана андан ары – 5%.

Мисалы, 2025-2028-жылдар аралыгында ставка 1% ды түзөт. Айына 30 000 сом киреше түшсө, салык 300 сом болот. Бул учурда, агрегатор салыктын суммасын кармап калып, аны бюджетке которот, ал эми жеке жак салыкты өз алдынча эсептеп, төлөбөйт. Бул ченем салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө, өз алдынча иштеген жарандарга административдик жүктү азайтууга, ошондой эле кирешелердин ачыктыгын камсыздоого багытталган.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

197