7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми турак жай сатып аларда курулуштун мыйзамдуулугун QR-код аркылуу текшерсе болот

416

Мындан ары турак жай сатып аларда курулуштун мыйзамдуулугун QR-код аркылуу текшерсе болот. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.

Мамкурулуш тарабынан атайын сайт иштелип чыккандыгын жана ал жактан бардык курулушту текшерүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин айтты.

“2025 жылдын январь айынан тартып ар бир курулуштун атайын убактылуу тосмосунда QR-коду да илиниш керек. Ал QR-код менен телефон аркылуу Мамкурулуштун сайтына кирип, курулуш мыйзамдуу экенин билсеңиз болот.

QR-код курулуштун убактылуу тосмосунда көрүнүктүү жеринде, кеминде 1х1 метр же андан да чоң болгон өлчөмүндө, курулуш аяктаганга чейин илинип туруш керек.

Андан тышкары курулуш компанияларына да кайрылып кетет элем. Ушул жылдын январь айынын аягына чейин бардык курулуштарда атайын QR-кодун илишиңиздерди суранам, бул код илиниши боюнча буйрука кол койгом жана аткарбаган компанияларга айып пул салынарын эскертем. Бул код менен сиздер курулушуңуздардын мыйзамдуулугун жана толук уруксат иш кагаздарыңыздар бар экендигин билдиресиздер. Курулуштун кодун Мамкурулуштун сайтынан көчүрүп алсаңыздар болот”,-деди ал.

Ошондой эле кайсы курулуштун QR-коду жок болсо, ал курулуш шек жаратат жана батир алардан мурда текшерүү керектигин кошумчалады.

417