7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмилбек Каптагаев: “Караколдун багы ачылып, заманбап шаарга айланып баратат”

2

Президент Садыр Жапаровдун бүгүнкү Каракол шаарына болгон иш сапары, ал жакта курулуп жаткан, курулат деп долбоорлонуп жаткан объектилердин тизмегин угуп, алардын долбоорлорун көрүп Караколдун багы ачылып, кадимки заманбап шаарга айланып бара жатканына абдан толкундандым, кадимкидей кудуңдап сүйүндүм. Мындай пикири менен Эмилбек Каптагаев фейсбук баракчасына бөлүштү.

«Убагында Каракол ТЭЦин реконструкциялоо мүмкүн эмес деп энергетиктер айтып, аны иштете берүүнүн чыгымы көп болгондуктан шаар ичине чакан отканаларды салып, жылуулук көйгөйүн чечүүгө аракет кылып калдык эле… Эми ошол «бузуп салуу керек» делген ТЭЦ кайра жанданып, жаңы ишканага айланып жатыптыр, кубаттуулугу да чоң экен.  Убагында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Жеңиш паркын реконструкциялап, ал жерди шаарлыктар эс ала турган жайга айлантканыбызга сүйүндүк эле… Караколдуктар бүтүндөй ыраазычылык билдиришкен. Эми ал паркта дагы көп иштер аткарылганы жатыптыр, долбоор боюнча толук реконструкция болот окшойт. Убагында Пушкин атындагы паркка башка бирөөлөрдүн ысмын ыйгарып жиберели деген демилге чыкканда аны токтотуп, паркты бир аз оңдөп-түзөп, тосмолорун жаңылап, анан Россиянын элчиси менен сүйлөшүп атып А.С.Пушкиндин эстелигин койдук эле. Бизде ал паркта жыл сайын «Эл аралык Пушкиндик окуу» өткөрүлүп турса, дүйнөнүн булуң-бурчунан Пушкиндин поэзиясын сүйүүчүлөр жылына ошол жерге келип ар кими өз тилинде Пушкиндин ырларын окуп, поэзия майрамы өтүп турса деген тилегибиз бар эле. Бүгүн болсо Пушкин паркы түп-тамырынан жаңыланып жатыптыр, долбооруна караганда эң сонун сейил багы болот.

Каракол Пристанына барган сайын көңүл чөгүп кайтчу элем… Ал жердеги «Улан» заводу иштебей токтоп турган, Ысык-Көл пароходство ишканасы да токтогон, кеме менен жүк ташуу жок… ал жердегилер негизинен Караколго келип иштеп, соода-сатып кылып оокат кылышчу… Кыскасы, ал айылдын эч кандай келечеги жоктой көрүнчү… Эми болсо Кеме куруу ишканасы курулганы жатканын, балык өстүрүү дагы пландалып жатканы угуп абдан сүйүндүм.  Убагында Өкмөт менен бирде суранып, бирде урушуп-талашып жатып акча-каражат бөлдүрүп Караколдо 27 чакырым жолго асфальт төшөп, ошол ишибиз укмуштудай жаңылык болуп көрүндү эле… Эми болсо Караколдун көчөлөрү таанылгыс болуп өзгөргөнүн, дагы да бир катар жолдор оңдолуп жатканын угуп кантип кубанбайсың… Учурунда бир аз акча-каражат Ысык-Көл өнүгүү фондунан бөлүп Каракол драма театрынын имаратынын чатырын кайра жаптырып, ичин бир сыйра оңдотуп алып кубанычыбыз коюнубузга батпай жатты эле… Эми авариялык абалда экен делип имарат толугу менен бузулуп, ордуна заманбап имарат-комплекси курулуп жатканы, ал жерде Конгресс-холл дагы болуп, эл аралык чоң жыйындарды, жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү да өткөрсө боло турганы албетте зор окуя. Ийгилигин берсин, шаардыктарды жаңылануу менен куттуктайм!!!»,- деген Каптагаев.

3