7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент журналист Калия Дүйшебаеванын дарылануусуна каражат бөлдү

233

Президент Садыр Жапаров журналист Калия Дүйшебаеванын дарылануусуна каражат бөлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды.

«Кесиптешибиз Калия Дүйшебаеванын ден соолугуна байланыштуу журналисттер анын дарылануусуна колдоо көрсөтүү максатында каражат чогултуу демилгесин көтөрүп, Facebook баракчалары аркылуу коомчулукка кайрылышкан. Бул маалыматты көргөн жетекчибиз Садыр Нургожоевич өзүнүн фондунан Калияга материалдык жардам көрсөтүп, керек болгон акча каражатын бөлүп берди. Калия, ден соолугуң чың болуп, тезирек сакайып кетишиңди каалайбыз. Ар дайым элиңе кызмат кылып, жакшы жаңылыктарды тартуулап жүрө бер!», — деп билдирди ал.

234