Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Баткен облусуна тийиштүү актуалдуу маселелер боюнча Баткен облустук медиа борборунун суроолоруна жооп берди.
Алып баруучунун «Эмнеге Министрлер Кабинетинде Баткен облусунан бир дагы мүчө жок? Жогорку Кеңеште депутаттарыбыз да аз. Мени Баткендин кулуну катары ушул суроо кызыктырат», — деген суроосуна, «Эмне Баткенден министр болсо эле Баткенди гүлдөтүп жибереби? Гүлдөтсө, 30 жылдан бери 30 министр, 30 депутатыңар болду. Эмнеге гүлдөтүп жиберишкен жок? Тескерисинче сазга батырып, сатып кетишиптир го. Азыр эми ошол сатылган жерлерибизди кайра кайтарабыз деп, ошолордун азабын тартып жатабыз», — деп жооп берди.
Ошондой эле алып баруучу «Анда эмнеге саткындарды жоопко тартпай жатасыңар? Эл ушуну сурап жатат?», — деп суроо узатса, «Ар бир иштин өзүнүн бүтчү убагы болот. Азыр шайлоо процесси жүрүп жатат. Мындай учурда сурака ала албайсың. Шайлоодон кийин сурака алып, дыкат териштирип, күнөөлүүлөрдү, мейли ким болбосун жоопко тартабыз. Саткындар, чыккынчылар үчүн мөөнөт чектелбеш керек. Силер Баткендиктер, министрибиз жок, депутатыбыз жок деп кейибегиле. Мен силердин министриңермин, мен силердин депутатыңармын жана мен силердин президентиңермин. Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат. Кыргызстан Баткенден башталат. Чек араң бекем болбосо, өлкөңдө коопсуздук болбойт.
Биринчи кезекте коопсуздук маселесине, андан кийин элдин жашоосуна, анан экономикасына көңүл буруп жатабыз.
Бийлике келген биринчи күндөн баштап Баткенге 9 мектеп, 3 бала бакча, 3 оорукананын курулуштары башталды.
9 мектептин ичинен 2 мектеп толугу менен бүтүп пайдаланууга берилди», — деп жооп берди.