7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмне үчүн Кыргызстандын алтынын ата-мекендик зергерлер ала албайт?

1292

Ата-Мекендик зергерлер 10 жылдан бери Кыргызстандан чыккан алтынды пайдалана албай, сырттан 4 миң тоннадан ашуун балуу таштарды ташып келип иштетүүгө мажбур болууда.
Зергелер жок дегенде 1 тонна алтында өзүбүздөн алып иштетүүгө уруксат ала албай келишкенин буга чейин 7-каналга билдирген болчу.
Бүгүн, Жогоку Кеңеште Бузуулар кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү мыйзамы 3-окууда каралды.
Анда, алтынды мыйзамсыз иштеткендерге карата 3 000 сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул киргизүү сунушталган.
Ошондой эле каттоого турбаган физикалык жактарга 10 000 с, юридикалык жактарга 28 000 сом айып пул каралган.
Баалуу металдар департаментинин директору Канатбек Мадумаров, депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Ата-Мекендик зергерлерге болгону 40, 50 кг, көп учурда андан да аз өлчөмдөгү сырьё калаарын айтты.
«Өндүрүлгөн баалуу таштар дээрлик баардыгы сыртка экспорттолот. Алсак Кумтөрдүн алтынын түз алып кетишет. Башка булактарда өндүрүлгөн 4 тонна алтынды Улуттук Банк сатып алып коюп, жергиликтүү зергерлерге 40, 50 же андан да азыраак гана алтын калууда» -дейт.

Мындан улам депутат Бакыт Төрөбаев, Өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып, жергиликтүү зергерлерди колдоо маселесин карап чыгууну сунуштады.
«Бул жерде өндүрүш болмок, жумуш орун түзүлмөк. 1 тонна сураса, аны да тышка экспорттоп жиберүү деген эмне? Карап чыгыңыздар!».

Эске салсак, Кыргызстанда жылына 25 миң тонна алтын өндүрүлөт. Зергерлик жаатта 37 ишкер бар. Алар ата-мекендик өндүрүштөн болгону 47 кг алтын ала алып, 4 тоннадан ашуун баалуу таштарды сырттан ташып келип иштешет. Ошол эле учурда мамлекеттик бюджетке 12, 15 млн салык төлөшөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1293