7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмү ачылат

673

9-февралда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчилигинин төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шая менен биргеликте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмдөрүндө болушту.

Министр жана шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шая бөлүмдөрдү кыдырып, бейтаптар менен баарлашты.

Сапардын жыйынтыгында тараптар Кыргызстанда балдардын онкологиялык кызматын өнүктүрүү максатында мындан аркы кызматташууну макулдашты.

Министр борбордун жетекчилигине Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмүн уюштуруу боюнча ишти баштоону тапшырды.

Шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шая министрдин сунушун колдоп, жилик чучугун трансплантациялоодо негизги болгон өзөк клеткаларын чогултуу үчүн медициналык жабдууларды сатып алууга 150 миң доллар бөлүүнү убада кылды.

674