7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
9°C

Энелер маршы өтүп, президенттин атынан жоолуктар тапшырылды (ФОТО)

196

Бишкекте 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата Энелер маршы өттү.

Аялдардын эл аралык күнүнө карата Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Кыргызстан пенсионерлер партиясы менен биргеликте Ак Элечек улуттук кийимчен энелердин жүрүшүн уюштурду.

Жүрүшкө Кыргызстандын бардык жети облусунун өкүлдөрү, ошондой эле Эмгек министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, өлкөнүн белгилүү блоггерлери, акын-жазуучулары катышты.

Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында КРнын эл акындары, “Манас” эпосунун айтуучулары салтанаттын катышуучуларына сөз сүйлөп, өлкөнүн алдыңкы дизайнерлеринин улуттук кийимдеринин мода көргөзмөсүн уюштурушту.

Майрамдык иш-чара президенттин атынан жазгы жоолуктарды тапшыруусу менен аяктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

197