Камчыбек Ташиев тарабынан 30 жыл бою Баатыр энелерге сый көрсөтүлүп, аларга майрамдык маанай тартууланып келгени белгилүү. Өткөн 2022-жылы 8-мартта Камчыбек Кыдыршаевич салтка айланткан бул майрамдык салтанатты өткөрүүнү жыйынтыктап, мындан ары өзүнүн уулдары Баатыр энелерди сыйлоо аземин улантаарын айткан.
Бүгүн, 8-мартта Жалал-Абадда Баатыр энелерге майрамдык маанай тартуулоо аземи Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев тарабынан уюштурулду. Камчыбек Ташиев өзү да бул иш-чарага конок катары катышты.
Баатыр энелерге сый-тамак тартууланып, жылдыздардын аткаруусунда обондуу ырлар жаңырып, каалоо тилектер айтылды. Иш-чарага аймактагы 600гө жакын энелер катышты.
Тай-Мурас Ташиев атасы сыяктуу бул салтантатты жыл сайын уюштуруп, энелерге сый-урмат көрсөтүү салтын татыктуу улантаарын белгилеп, апаларды куттуктады.
Дүйнөдөн көзү өткөн энелерге Куран окутулду.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да катышты.