7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Энергетика тармагын өнүктүрүүгө зор салым кошкон. Ильяс Давыдовго жазылган некролог

453

Кыргызстандын энергетика тармагы оор жана орду толгус жоготууга учурады.

2023-жылдын 4-мартында 82 жаш курагында КМШ Эмгек сиңирген энергетиги, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, III даражадагы «Манас» орденинин ээси Давыдов Ильяс Абдуллович каза болду.

Ильяс Абдуллович 1958-жылы Ош шаарындагы орто мектепти артыкчылык менен аяктап, 1963-жылы Томск политехникалык институтунда электр тармактары жана системалары адистигин алгандан кийин Кыргызстанда өзүнүн эмгек жолун «Сельэнерго» облустук башкармалыгынын улук инженери болуп баштап, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрине чейин жеткен.

55 жылдан ашуун эмгектенген И. А. Давыдов Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын өнүктүрүүгө зор салым кошкон. Анын жигердүү катышуусу менен Нарын дарыясында уникалдуу гидроэнергетикалык курулуштар, татаал тоолуу шарттарда, деңиз деңгээлинен 3500 м бийиктикке чейин, чоң шамалдын, муздардын, жер көчкүлөрдүн катаал шарттарында жайгашкан жогорку чыңалуудагы электр линиялары жана көмөкчордондор долбоорлонуп, курулган жана ишке берилген. Кыргыз Республикасынын дээрлик бардык аймагында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн электр бөлүштүрүүчү тармактар түзүлгөн.

И. А. Давыдовдун негизги кесиптик жана жарандык позициясы — экономиканын стабилдүү иштеши үчүн энергетиканы ылдамдыкта өнүктүрүү зарылдыгына ишеними болгон. Ал эми анын бул позициясы Кыргызстандын энергетика тармагынын жетекчилеринин бири катары 90-жылдардагы жана андан кийинки отуз жылдагы экономикалык жана саясий кризистерге каршы турууга салым кошкон. Бул мезгилдин ичинде республика өзүнүн электр-энергетикалык потенциалын сактап гана тим болбостон, аны көбөйткөнгө жетишкен.

Финансылык оор абалга жана эл чарбасынын ишканалары менен тармактарынын ортосундагы экономикалык ажырымдарга, ошондой эле бир катар башка кыйынчылыктарга карабастан курулуш-монтаждоо жумуштары өз күчүбүз менен бүткөрүлүп, Таш-Көмүр ГЭСинин долбоордук кубаттуулугуна — 450 МВт, Шамалды-Сай ГЭСи — 240 МВт, электр энергиясын чыгарууну жылына 1,5 млрд кВт саатка чейин көбөйтүүгө жетишкен. Бишкек ЖЭБинде кубаттуулугу 100 МВт болгон № 11 турбогенератор, Камбар-Ата ГЭС-2де 120 МВт биринчи агрегаты ишке киргизилди.

Ильяс Абдулловичтин илимий-педагогикалык жана коомдук агартуучулук ишмердүүлүгү да жогору бааланган — ал Эл аралык инженердик (Москва, Россия Федерациясы) жана Инженердик академиянын (Бишкек, Кыргыз Республикасы) академиги, ПЭИПКнын ардактуу профессору (Санкт-Петербург, Россия Федерациясы), И.Раззаков атындагы КМТУнун ардактуу доценти (Бишкек, Кыргыз Республикасы) жана Казакстан Республикасынын энергетиктеринин ардактуу ардагери, Кыргыз Республикасынын энергетикасынын ардактуу ардагери. И. А. Давыдов өндүрүштүк ишин илимий-педагогикалык иш менен айкалыштырып келген. Анын 40тан ашык жарык көргөн эмгектери бар.

Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн 220/110/10 кВ «Ала-Арча» системалык көмөкчордонуна Давыдов Ильяс Абдулловичтин ысымы ыйгарылган. Бул көмөкчордондо «Энергетика системасынын өнүгүү тарыхы» музейи ачылган.

КМШ мамлекеттеринин энергетика жана суу ресурстары тармагындагы мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоого сиңирген эмгеги үчүн И. А. Давыдов КМШ жана Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын аткаруу комитетинин Ардак сыйлыктары менен сыйланган.

Көп жылдык үзүрлүү ишмердиги үчүн И. Давыдов III даражадагы «Манас» ордени, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланган, «Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмери», «КМШнын эмгек сиңирген энергетиги», «Россиянын энергетикалык системасынын эмгек сиңирген ишмери» ардактуу наамдары менен сыйланган. «СССРдин энергетика жана электрлештируу отличниги» деген наамга татыктуу болгон.

Ильяс Давыдовдун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Н. Жапаров, Н. Т. Шакиев, А. У. Жапаров, А. А. Касымалиев, Б. Э. Төрөбаев, Т. О. Ибраев, С. С. Аликеев, С. У. Султанбеков, Т. М. Толубаев, М. М. Жакыпов, Т. А. Байгазиев, А. Д. Рысбеков.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

454