7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады

487
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады.

“Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бул күн – куттуу элибиздин руханий жактан өнүгүшүнө, баалуулуктарыбыз баштаган бай маданий мурастарыбызды жайылтууга салым кошом деген жарандардын, мамлекетибиздин өткөнүнө, бүгүнкүсүнө жана эртеңки келечегине кайдыгер карабаган мекендештерибиздин башын кошо турган өзгөчө күн!

Ата-бабаларыбыздын бизге – урпактарга калтырган материалдык эмес маданий табериги улуттук маданиятыбыздын маанилүү бөлүгү, улуттук аң-сезимдин негизи болуп, муундардын жана доорлордун руханий байланышын бекемдөөдө жана өлкөбүздүн маданий саясатын калыптандырууда негизги ролду ойнойт.

Улуттук кийим – бул жөн эле кийим эмес, ал элдин тарыхы, маданияты, каада-салты жана жашоо-турмушу. Ал улуттун өзгөчөлүгүнүн таасын көрсөткүчү катары өткөндүн маданий жана руханий мурастарын сактоого жардам берет. Мына ошондуктан бул майрам мамлекетибиздин булуң-бурчунда – айылдар менен шаарларында чоң кубаныч, өзгөчө сезим менен белгиленип келет.

Ак калпагыбызды жараштыра кийип даңазалаган, улуттук кийимдерибизди көркүнө чыгарган мындай иш-чаралардын өткөрүлүүсү кыргыз элинин байыркы тарыхына, бай маданиятына, бүгүнкү күнгө чейин учугу уланып келе жаткан каада-салтына кызыгууну жаратат. Ата Журтубуз менен арка-бел болуп калдайып караан туткан элибизге болгон сый-урмат сезимин күчөтөт. Ошону менен бирге укмуштай кереметтерди жараткан кол өнөрчүлөрүбүз менен уздарыбыздын көз майын короткон түйшүктүү эмгегин сыйлоого алып келет.

Бүгүнкү майрам күнүндө маданий мурастарды алып жүрүүчүлөр болгон кол өнөрчүлөрүбүзгө терең ыраазычылык билдире кетейин. Алардын колунан чыккан салттуу кийимдерибиз улуттун улуулугун дүйнө жүзүнө таанытып, тарыхый жана маданий баалуулуктарыбыздын даңазаланышына, өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Эзелтен эле элибизде баш кийимге өзгөчө мамиле кылган. Улуттук терең философияны камтыган Ак калпакты кыргыз эр-азаматтарынын салттуу баш кийими катары баалап-барктап, бапестеп келишкен.

Кыргыздын Ак калпагынын уникалдуулугу – анын азыркы күндө дагы калың элдин арасында колдонулуп, тарыхый салттарды улап келе жатканында. Бүгүнкү күндө эгемендүү мамлекет катары таанылып, заман талабына ылайыкташкан кезде дагы жалпы кыргызстандыктар элибиздин салттуу кийимдерин урматтап, муундан муунга аяр өткөрүп келе жатканы мунун айдан ачык далили.

Демек ата-бабаларыбыздан калган таберикти аздектеп сактап, аны кийинки муундарга өткөрүп берүү – бүгүнкү кыргызстандыктардын ар биринин ардактуу милдети!

Урматтуу кыргызстандыктар, дагы бир жолу майрамыңыздар кут болсун! Улуу күндүн урматына сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш, мамлекетибизге өсүп-өнүгүү каалайм”,-деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

488