7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рейтингдик эл аралык мелдеш: Жоламан менен Акжол финалга чыкты

569

Болгариядагы Dan Kolov-Nikola Petrov рейтингдик эл аралык мелдешинде Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты.

Спорттук иш-чара 2-5-март күндөрү София шаарында өтүүдө.

Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта мелдештин 1/16 финалынан баштап катышууда. Ал чет өлкөлүк үч балбанды жеңип жарым финалга чыкты. Жарым финалда кыргыз балбаны норвегиялык спортчу менен килемге чыккан. Бирок кармаш башталганда норвегиялык балбан ыкма жасайм деп эс учун жоготуп койгон. Кармашты уланта албагандыктан жеңиш Махмудовго берилди.

Ал эми Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо. Ал эки балбанды караандатпай жеңип, жарым финалда ирандын балбанды 10:2 эсебинде утуп алды.

Белгилей кетсек, мелдешке Кыргызстандын атынан төрт балбан аттанган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

570