7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто Ак калпак күнүнө карата жүрүш өтүп, 700дөн ашык активисттер катышты (фоторепортаж)

477

4-мартта Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранда улуттук кийимдерди кийген жаштар патриоттук ураандар менен борбордук аянттан Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрына чейин параддан өтүштү.

Жүрүшкө 700дөн ашык жаш активисттер, жогорку окуу жайлардын студенттери, маданият жана искусство ишмерлери катышты.

Андан соң драма театрда аскер кызматкерлери арасында “Ыйык милдет” аттуу сынак болуп өттү.

Анын жеңүүчүсү болуп №7703 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери табылып, 20 миң сом сыйлык ыйгарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

478