7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салынды

794

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жарнама кылууга тыюу салынды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

«Энергетикалык суусундуктар стимуляторлорду камтыган суу, кант, кофеин, минералдар, витаминдер жана гуарана, таурин, женьшень сыяктуу окшош курамдан турган суусундуктун түрү. Ден соолукка коркунучу, негизинен, курамында кант жана кофеиндин көптүгүнө байланыштуу. Энергетикалык суусундуктардын айрым түрлөрүнүн бир порциясында 100 мг кофеин камтылган, бул кадимки порциядан (12 мг) 8 эсе көп. Мындай суусундукту ичүүдө кандын кантынын жана артериалдык басымдын жогорулашына алып келет, өзгөчө жашы жете элек өспүрүмдөргө кооптуу. Мисалы мындай суусундуктун бир банкасында 27 кашык кант камтылган. Бул суусундуктарды ичүүнү адатка айлантса, жүрөктүн функциясы бузулат. Жүрөктүн согуу ыргагына терс таасир берет. Убакыттын өтүшү менен жүрөк чоңоюп кетиши мүмкүн», — деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, 3-июлда президент “Жарнама жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул мыйзам менен энергетикалык суусундуктарды жарнама кылууга тыюу киргизилүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

795