Бишкек шаарынын Октябрь районунун жаштар канаты жана аким Данияр Арпачиев «Беткап тагынып — өмүрлөрдү сакта!» акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты шаардын эпидемиологиялык абалынын курчушуна байланыштуу шаардыктардын көңүлүн санитардык-эпидемиологиялык талаптарга буруу.
Октябрь районунун акими жана райондун жаштары борбор калаанын аялдамаларында жүргүнчүлөрдү коомдук транспортто бара жатканда беткап режимин жана башка сактык чараларын сактоого жана эмдөөдөн өтүүгө чакырышты.
Белгилей кетсек, акцияга спортчулар, медицина кызматкерлери, Балдар чыгармачыл борборунун кызматкерлери, эстрада жылдыздары катышып, коомдук транспортто жана эл көп чогулган жерлерде, коомдук жайларда, соода борборлорунда эрежелерди жана коопсуздук чараларын сактоону өтүнүштү.