«Эмне үчүн Кыргызстанда оорулуулар көбөйдү? Орустарда «Мен- бул мен жеген тамакмын» деген сөз бар.Тамак-ашың сапаттуу болсо ден соолугуң да жакшы», — деген Айыл,суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков 7-каналдын «Жетиден жети суроо» берүүсүнө келип, тамак-аш коопсуздугу көзөмөлдөнбөй жаткандыгы боюнча суроолорго жооп берди.
«Биз бул багытта жетишээрлик иш алып бара албайбыз, буту-колубуз байланган. Себеби, ошол сапатсыз азыктарды чыгарып жаткан бизнес структураларды барып текшере албайбыз. Бизнести коргоо максатында тыюу салып койгон. Бул жаатта көйбөй аябай көп»-, дейт министр Жаныбеков.
Посмотреть эту публикацию в Instagram