7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрбол Султанбаев эмне үчүн автобустар Кытайдан сатып алынгандыгын түшүндүрдү

485

Социалдык тармактарда президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев автобустарды эмне себептен атамекендик «Белес» компаниясынан эмес, Кытайдан сатылып алынгандыгын түшүндүрдү.

“Урматтуу достор, эртең буюрса борбордук аянтта Бишкектин тургундары үчүн жакшы жаңылык болгону турат. Бул Кытайдан 120 жүргүнчү ташуучу автобустардын сатылып алынып келиши. Ал автобустар газ менен жүрөт. Учурда «Эмнеге чет жактан алабыз, атамекендик «Белес» компаниясынын автобустарын алса болбойбу» деген пикирлер да бар. Аталган жергиликтүү компания унутта калтырылган жок. «Белес» менен Бишкектин мэриясы сыноо иретинде беш унааны сатып алуу меморандумуна кол койгон. Аталган компания азыркы учурда дизель менен жүрүүчү бир автобусту чыгарган, ал эми Бишкек шаарынын бийлиги ыш көйгөйүнө байланыштуу экологиялык таза транспортко (газ жана электроэнергия менен жүргөн) артыкчылык берүүдө. Анын үстүнө, учурда «Белес» компаниясында массалык түрдө, 100дөн ашуун автобус жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, учурда «Белес» компаниясы газ менен жүрө турган автобустарды чыгаруунун үстүндө иштеп жатат, андан соң мэрия компаниянын автобустарын сыноо үчүн алат.”,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

486