7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ереванда ЖККУ сессиясынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

376

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жыйынтыгы боюнча бүгүн, 23-ноябрда, Ереван шаарында бир катар документтерге кол коюлду.

Уюмга мүчө болгон Кыргызcтандын Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын мамлекет башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Башкы катчысы жөнүндө” чечими;

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешине төрагалык кылуунун мөөнөттөрү жөнүндө” чечими;

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча Мамлекеттер аралык комиссиясынын Төрагасы жөнүндө” чечими;

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги жана Шанхай кызматташтык уюму менен кызматташтыкты өнүктүрүү ниеттери жөнүндө” чечими;

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун конгресс-көргөзмө иш-чарасы жөнүндө” чечими;

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жалданма» оперативдүү-профилактикалык иш-чаралар комплексине Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун «Жалданма» туруктуу аракеттин («Жалданма» операциясы») аймактык антитеррордук операциясынын статусун берүү жөнүндө») чечими;

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20 жылдыгына байланыштуу сыйлыктар жөнүндө» чечими;

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө» чечими;

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 2021-жылдагы Бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жөнүндө” чечими;

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “2023-жылга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бюджети жөнүндө” чечими ж.б.

Белгилей кетсек, ЖККУда төрагалык кылуу Армения Республикасынан Беларусь Республикасына өттү.

Өз кезегинде 2023-жылдын 1-январынан тартып ЖККУнун Башкы катчысы Казакстан Республикасынын өкүлү Имангали  Тасмагамбетов болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

377