7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тармактык комитет «Экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын долбоорун жактырды

349

Кечээ, 22-ноябрда Жогорку Кеӊешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Кыргыз Республикасынын «Экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын долбоорун 2-отурумунда жактырды.

Отурумда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев баяндама жасап, мыйзам долбоорунун негизги максаттарына токтолуп, адам укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн жана улуттук коопсуздугун экстремисттик иш-аракеттерден коргоо үчүн өзгөртүүлөр киргизилгенин белгиледи. Анткени, бүгүнкү күндө дүйнөдө жана биздин республикада мамлекеттин улуттук коопсуздугун баалоого олуттуу терс таасир тийгизген эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигинен келип чыккан жаңы чакырыктар менен коркунучтарга байланыштуу окуялар орун алууда.

Бул мыйзам долбоору 2021-жылдын 5-майынан тартып ишке киргизилген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясына, эл аралык укуктун ченемдерине, 2021-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирген Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза процесстик кодекстеринин ченемдерине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун редакциясына экстремисттик иш, экстремисттик уюм, экстремисттик ишти алдын алуу (профилактикасы), экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жана эскертме берүү жөнүндө жаңы түшүнүктөр киргизилген. Мындан сырткары, экстремисттик ишке каршы аракеттенүүдө мамлекеттик органдардын негизги субъекттери жана компетенциялары аныкталган.

Буга чейин Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен Бишкек жана Ош шаарларында бул мыйзам долбоорун ачык платформада талкулоо боюнча масштабдуу иш-чаралар уюштурулган. Анда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана медиа эксперттер менен биргеликте бул мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн экстремисттик ишти алдын алуу максатында экстремисттик материалдарды таратылышына жол бербөө механизмдери иштелип чыккан.

Ошондой эле, мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда айрым депуттар тарабынан азыркы учурдагы эң маанилүү маселелердин бири, бул экстремисттик ишти алдын алуу чараларын күчөтүү, жалпы коомчулуктун арасында агартуу иштерин жүргүзүү зарылчылыгы белгиленди. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын укукка каршы келген иш-аракеттери жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каржаттарында чагылдырып турушу сунушталды.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагында 21 экстремисттик жана террористтик, десктриктивдүү уюмдардын ишмердүүлүгүнө сот органдары тарабынан тыюу салынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

350