Бишкекте 28 жаштагы Эрик уулу Максат изделип жатканын Ленин РИИБден билдиришти.
16-августта милицияга анын атасы кайрылып, уулу 2019-жылы Орусияга иштөө үчүн кеткенин айткан. Акыркы жолу 2023-жылдын январь айында байланышка чыгып, ошол бойдон дайынсыз.
ИИМдин маалыматы боюнча, ал 22-январда Кыргызстанга келген. Бул жаранды көргөндөр болсо, 0 ( 312) 352-947 номуруна байланышсаңыздар болот.