7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эркин күрөш боюнча курама команда Казакстанда өткөн мелдеште байгелүү орундарга ээ болду

363

Эркин күрөш боюнча курама команда Казакстанда өткөн Эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Тараз шаарында өткөн Динмухаммед Кунаевдин жаркын элесине арналган Эл аралык мелдешинде 4 медаль (1 алтын, 3 коло) жеңишти.

70 кг чейинки салмакта Эрназар Акматалиев Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды. Ал эми Алмаз Сманбеков (61 кг), Аден Сакыбаев (70 кг) жана Орозобек Токтомамбетов (74 кг) коло медалга ээ болушту.

364