Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандар Түркиядагы Yasar Dogu эл аралык мелдеште 5 медаль утту. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 25-27-июнда Стамбул шаарында өттү.
Аталган мелдеште Кыргызстандын балбандары Алибек Осмонов (65 кг) алтын, Эрназар Акматалиев (65 кг) жана Алмаз Сманбеков (57 кг) күмүш, Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг) жана Улукбек Жолдошбеков (61 кг) коло медалды утушту.
Белгилей кетсек, Алибек Осмонов менен Эрназар Акматалиев 65 кг салмакта күч сынашып, экөө тең финалга чыккан. Бирок Акматалиев жеңишти улуу катары Осмоновго ыйгарып, күрөшпөй койгон.