22-23-февраль күндөрү Р.Санатбаев атындагы спорт комплексинде СССРдин спорт чебери , Кыргыз СССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу Раджап Жанаевдин жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр (U-17) арасында XXVIII Эл аралык мелдеши өтөт.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт департаментинин берген маалыматында, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө “Тайманбас” олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97, 125 кг салмак категорияларында күч сынашат.