7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Cадыр Жапаров таксилердин ишин лизенциялоо боюнча мыйзамга кол койду

241

Президент Садыр Жапаров 22-январда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргызстандагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду.

Мыйзам “Транспорт жөнүндө” Мыйзам менен “Кыргызстандагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамдын ортосундагы коллизияны жоюу максатында, ошондой эле президенттин 2021-жылдын 7-декабрында № 548 “Кыргызстандагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн иштелип чыккан.

Мыйзам менен жол коопсуздугун жогорулатуу үчүн жеңил таксилердин ишин лицензиялоону киргизүү каралган. Мындан тышкары, Мыйзам менен автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу (анын ичинде жеңил таксилергедагы) жана автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташуулар иштеринин лицензияларынын колдонуу мөөнөтүн чектөө киргизилүүдө.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул берененин экинчи абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

242