7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрлан Шеров: Мени ар кандай кырдаалда колдогонуңуздар үчүн чоң рахмат!

316

Дзюдочу Эрлан Шеров Олимпиададагы оюну боюнча билдирүү калтырып, кыргыз элине ыраазычылык билдирди.

«Жыйынтык мен күткөндөй болбосо да, биздин ар бир жагдайыбызда — Альхамдулиллах!. Өлкөмдү жогорку дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу мени кубандырат. Мен оюндарга чейин жана андан кийин, мага жөнөтүлгөн көптөгөн жылуу жана күчтүү сөздөрдү окудум. Мени ар кандай кырдаалда колдогонуңуздар үчүн чоң рахмат.

Биздин федерацияга, курама командага, жана ошондой эле машыктыруучуларга ыраазычылык билдирем.
Күндө эртең менен кечинде чогуу машыгып, мага жакын адамдардан болуп калдык. Желегибизди көтөрүү, тарыхты жазуу жана жакшы эстеликтерди калтыруу боюнча биргелешкен аракеттерибиз, мени кандай гана болбосун, алдыга жылууга шыктандырып, түрткү берет. Ар дайым жанымда болуп, ушул жолдо мени колдоп келген үй-бүлөмө, ата-энеме, туугандарыма жана досторума чоң таазим»,-деди ал.

Эске салсак, Эрлан Шеров 90 килограмм салмакта күрөштү. Ал Панамерика турниринин беш жолку чемпиону болгон кубалык Иван Фелипе Силва Моралис менен беттешип, 0:10 упай менен уткан. Андан соң  1/8 финалда испаниялык атаандашы Тристани Мосахлишвилиден жеңилип, олимп оюндарынан четтетилген.

 

 

 

 

317