7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрмек Мааткасымов: Жарандар салыктарды азыр – үйүнөн чыкпай туруп төлөй алат

536

Мамлекеттик салык кызматынын жергиликтүү салыктар башкармалыгын жергиликтүү салыктар бөлүмүнүн башчысы Эрмек Мааткасымов: 1-сентябрда турак жай же унаа үчүн салык төлөө мөөнөтү аяктайт, ошондуктан азыр мындай аракеттер кызуу жүрүп жаткан мезгил, бирок быйыл бул иштер бир кыйла жеңилдеди, анткени мобилдик атайын тиркемелер иштелип чыккандыктан, жарандар ошол тиркемелер аркылуу салыкты үйүнөн чыкпай туруп төлөй алат.

Турак жай үчүн салык – көп кабаттуу үйдөгү батирде жашагандар, батиринин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашса, ошол ашык метрлерге ар бир чарчы метр үчүн 42 сом 80 тыйындан төлөш керек. Бишкектеги жер үйлөр үчүн андай чек – 150 м². Нарын же Чоң-Алайда ар бир ашык чарчы метр үчүн 12-13 сомдон төлөнөт. Жарандын бирден ашык батири же жер үйү болсо, бир гана турак жайында 80 же 150 м² аянт бекер болот, калганы үчүн салыкты толук төлөш керек.

Автоунаа үчүн салык – анын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша болот. Ар бир см³ үчүн салык – 90 сом, эски машинелер үчүн салык– өндүрүлгөн жылына жараша азыраак. Жер салыгы тууралуу айтсак, Бишкек шаарында ар бир сотка жер үчүн 180 сом төлөнөт, ал эми Аламүдүн районунда 100 сом, ар бир сотка үчүн 10 сомдон төлөгөн дагы алыскы айылдар бар. Биздин Салык кызматынын сайты аркылуу ар бир жаран – канча салык төлөш керек экенин өзү деле эсептеп алса болот.

537