7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

484

Эртең, 17-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери менен мектеп окуучуларынын катышуусунда жөө жүрүш өтөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жөө жүрүш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында айдоочуларды жол эрежелерине көңүл бурдуруу максатында өткөрүлөт.

“Буга байланыштуу саат 10:00дөн 12:00гө чейин Сүйөркулов көчөсүнөн чыгышты карай Малдыбаевдан тартып, Байтик баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү, анан Байтик баатыр көчөсүнүн бир тилкеси менен түштүктү карай Сүйөркулов көчөсүнөн тартып, А.Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат”, — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

485