7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эртең филармонияда SPORTS AWARDS — 2021 “Жылдын мыкты спортчулары” тандалат

803

Эртең, 1-декабрь күнү саат 17:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында SPORTS AWARDS — 2021 “Жылдын мыкты спортчулары” сыйланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргыз спортчуларынын кызыл килемден өтүүсү менен башталып, салтанаттуу азем менен коштолот.

SPORTS AWARDS – 2021 сыйлыгы спорт жана дене-тарбия тармагында кесипкөйлүк ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерге жетишкен жана спорттун өнүгүшү менен жайылышына маанилүү салым кошкон спортчуларга тапшырылып келет.

Быйыл сыйлык тапшыруу аземи 7-ирет уюштурулуп, Topsport.kg сайты, КР Маданият министрлиги жана Улуттук олимпиадалык комитети менен өнөктөштүктө иш алып барууда.

Министрликтин басма сөз кызматы 0703 100 683, 0550 990 475 номер аркылуу аккредитациядан өтүүгө болорун белгилейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

804