7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эртең кинорежиссер Геннадий Базаров менен коштошуу зыйнаты өтөт

547

Эртең, 7-февралда Кинорежиссер Геннадий Базаров менен коштошуу зыйнаты өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандагы автордук кинонун алгачкы түптөөчүлөрүнүн бири менен коштошуу иш-чарасы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 10:00дө башталат.

Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Белгилей кетсек, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, КРнын Эл артисти, автордук кыргыз киносунун негиздөөчүлөрүнүн бири, режиссёр жана сценарист Геннадий Базаров 6-февралда 81 жаш курагында каза болду.

«Саманчынын жолу», «Буктурма» жана башка тасмалары өлкөнүн кино хроникасына түбөлүккө жазылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

548