7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эртең майрамга карата Бишкектеги айрым көчөлөр жабылат

642

Эртең, 9-майда Улуу Жеңиш күнүнө карата саат 08:00дөн 11:00гө чейин Бишкектин айрым борбордук көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

«Өлбөс полк» жүрүшүнө байланыштуу төмөнкү көчөлөр жабылмакчы:
-Байтик Баатыр көчөсү түндүктү көздөй А.Токомбаев көчөсүнөн тартып, М.Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
-Фрунзе көчөсү күн чыгышты көздөй, Ю.Абдрахманов көчөсүнөн тартып, С.Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү ;
-Кең Чүй көчөсү күн чыгышты көздөй Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, С. Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Жогорудагы көчөлөрдөгү жөө жүрүш учурунда милиция кызматкерлери бардык жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

643