7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эртең президенттин катышуусунда биринчи Элдик курултай ишин баштайт

665

Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен эртең, 25-ноябрда, Бишкекте биринчи Элдик Курултай ишин баштайт.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча Биринчи Элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Биринчи Элдик Курултай УТРК, республикалык, облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүлөт.

Көрсөтүү 25 жана 26-ноябрда саат 10:00дө башталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

666