7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын өкүлдөрүнө эксперттик консультациялар өткөрүлдү

488

КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын, атайын кызматтарынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү үчүн XII аймактык эксперттик консультациялар өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-ноябрда Бишкек шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин Антитеррордук борбору Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте КМШга мүчө мамлекеттердин атайын кызматтары жана укук коргоо органдары терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча, күч органдарынын өкүлдөрүнүн XII аймактык эксперттик консультацияларын өткөрдү.

Иш-чарага Шериктеш мамлекеттердин жети компетенттүү органдары (Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Өзбекстан) жана КМШнын төрт органы (Чек ара аскерлеринин колбашчыларынын кеңеши, Жаза аткаруу кызматтарынын жетекчилеринин кеңеши, Финансылык чалгындоо органдарынын жетекчилеринин кеңеши жана Терроризмге каршы борборунун) делегациялары катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Борбордук Азия чөлкөмүнүн аймагындагы кырдаалдын өнүгүшү, эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнүн таасири астында пайда болгон жана мүмкүн болуучу коркунучтар боюнча пикир алмашуулар болду. Иш-чаранын катышуучулары Шериктештик өлкөлөрүнүн коопсуздугуна Ооганстандагы террордук активдүүлүктүн ырааттуу жогорку деңгээли таасир этүүдө дестабилдештирүүчү эффект экенин белгилешти. Ушуга байланыштуу Шериктештиктин алкагында чек араларга жакын жерде терроризмдин очокторунун кеңейүүсү жана коңшу мамлекеттерде калктын радикалдашуусунун өсүү коркунучу сакталууда. КМШ мамлекеттеринин коопсуздугуна террористтик («уктап жаткан») ячейкалардын тармагын түзүү, террористтик идеологияны жайылтуу жана интернет желесинин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен ЭТУ иш-аракеттерин жүргүзүүсүндөгү коркунучтардын арасында террористтердин чек арадан өтүүсү белгиленди.

Катышуучулар терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатында кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча ишти улантуунун маанилүүлүгүн жана зарылдыгын ырасташты, анын ичинде:

• актуалдуу маалымат алмашуу;
• мыйзамсыз миграциянын каналдарын, курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды аткезчилик жол менен, ошондой эле жасалма документтер жасалган жерлерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча биргелешкен координацияланган иш-чараларды жүргүзүү;
• ЭТУнун маалымат мейкиндигиндеги ишмердигине каршы туруу, анын ичинде пропаганда, жалдоо жана каражат чогултуу;
• Террордук мүнөздөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазык куугунтуктоодон жашырынып жүргөн адамдарды мамлекеттер аралык издөө боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү.

XII Аймактык эксперттик консультациялардын жүрүшүндө иштелип чыккан сунуштар корутунду документте чагылдырылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

489