7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Сауд Аравиясына расмий сапарын уюштуруу маселеси талкууланды

512

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия Королчулугу) жумушчу сапарынын алкагында Сауд Аравия Королчулугунун Курчап турган чөйрөнү коргоо, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдурахман бин Абдулмохсен Аль-Фадли менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы саясий диалогдун, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү аракеттеринин активдешүүсүн жана эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды жөнгө салынышын белгилешти. 

Эки тараптуу мамилелерге кошумча дем берүү максатында маектештер өз ара сапарларды жогорку деңгээлде уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешип, жакынкы аралыкта Садыр Жапаровдун Сауд Аравиясына расмий сапарын сапаттуу уюштуруу боюнча чараларды кабыл алууну макулдашты.  

Тараптар ошондой эле Сауд Аравия Королдугунун инвестиция министринин орун басары Бадр Аль-Бадр баштаган Сауд Аравиянын бир катар ири ишканаларынын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга иш сапарынын мазмундук бөлүгүн талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев Абдулмохсен Аль-Фадлиге кыргыз-сауд Өкмөттөр аралык кызматташуу боюнча комитетинин жыйынын жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, анын жыйынтыгы келечектеги эки тараптуу өз ара аракеттенүүгө кошумча дем берерине ишенимин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

513