7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эсенбай Нурушев: Кыргыздар эмгиче орусча ойлонуп, аны сөзмө-сөз которуп, анан кыргызча сүйлөйт

317

Белгилүү журналист, тилчи жана коомдук ишмер Эсенбай Нурушев: Мамлекеттик тил тууралуу мыйзам кабыл алынганына 35 жыл толгону менен, биз эмгиче алгач орусча ойлонуп, анан ошону сөзмө-сөз кыргызчага которуп, кандайдыр бир гибрид тилде сүйлөгөнүбүздү токтотпойбуз. Анысы аз келгенсип, эми арабча түшүнүктөр менен сөздөрдү дагы тилибиз менен дилибизге кошуп, же орус эмес, же араб эмес, же таза кыргызча эмес тилге ээ болуп баратабыз.

Түзүлгөн абалды оңдоо улам татаал болууда. Тиги же бул көрүнүш туура эмес деп айта ала турган коомдук катмар дагы жоголуп бараткандай, эч ким эч кимди укпастан, ар ким өз билгенин кылгандыктан, туура эмес сүйлөп, туура эмес сүйлөгөн адатка айланып кетти жана эч бир эрежеге ээ-жаа бербегендей болуп баратат. Абалды оңдой турган уюм-түзүмдөр өздөрү эреже-ченемдерди көп тааныбайт жана эрежеси күчтүү орус маданиятына көбүрөөк ык тартууда…

318